Государственная Ипотечная Компания

Государственная Ипотечная Компания Жеңилдетилген шарттагы мамлекеттик ипотека

https://t.me/mamipoteka

27/08/2026

Есть квартира или дом — можно ли всё равно участвовать в ипотечной программе ГИК? Разбираемся в видео✅

26/08/2026

Үлүштүк курулуш механизми тууралуу ✅

26/08/2026

Жеке тармактарда эмгектенген жарандар үчүн✅

20/08/2026

Бизден цоколдук жай алып, кыялыңыздагы бизнести баштаңыз!

Кардарларыбыздын бири бизден цоколдук жай сатып алып, аны өз каалоосуна жараша өзгөртүп, заманбап жана кооз SPA салонго айлантып жатат.

Цоколдук жайдын эң чоң артыкчылыгы — аны каалаган бизнесиңизге ылайыктап жасоого болот. Өзүңүз каалагандай ремонт жасап, дизайнын тандап, бизнесиңизге ылайыктуу уникалдуу мейкиндик түзө аласыз. 🤍

🌐 Толук маалымат: www.gik.kg
расмий сайтында

📞 Байланыш:
+996 553 988 904
+996 707 988 902
+996 312 563 016

18/08/2026

Аялдан үчүн ипотека боюнча эң көп берилген 4 суроого жооп ✅

14/08/2026

МИК менен “АБанк” жеткиликтүү жана энергияны үнөмдөөчү турак жай долбоорун ишке киргизүү боюнча макулдашууга кол коюшту

“Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК менен “АБанк” ААК Азия өнүктүрүү банкынын (ADB) колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Кыргызстандагы аялдарды колдоого багытталган “Жеткиликтүү жана энергияны үнөмдөөчү турак жайга жетүүнү кеңейтүү” долбоорунун алкагында кайра каржылоо боюнча Башкы макулдашууга кол коюшту. Долбоордун жалпы каржылоо көлөмү 65 миллион АКШ долларын түзөт.

Документке “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКтын Башкармалыгынын төрагасы Талант Жекшенов жана “ АБанк” ААКтын төрагасынын орун басары Жанар Норузбаев " кол коюшту.

Долбоор Кыргыз Республикасына Азия өнүктүрүү банкы тарабынан берилген 65 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттик жана гранттык каражаттардын эсебинен каржыланат. Анын негизги максаты – улуттук валютада туруктуу пайыздык чен менен берилүүчү жеткиликтүү жана узак мөөнөттүү ипотекалык насыяларга жетүүнү кеңейтүү. Өзгөчө көңүл аялдарды колдоого жана энергияны үнөмдөөчү турак жайларды каржылоого бурулат.

Долбоорду ишке ашыруунун биринчи этабында МИК Кыргыз Республикасынын аймактарындагы 2022-2024 жылга чейин кезекте турган (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо) аялдар үчүн ипотекалык насыялоо программасын ишке киргизет.

Программанын негизги шарттары:

* каржылоо — 7 млн сомго чейин;
* мөөнөтү — 25 жылга чейин;
* баштапкы төлөм — 10%дан;
* пайыздык чен — аймактарда жылдык 9,75%га чейин.

Сатып алынуучу батирдин максималдуу аянты 100 чарчы метрди, ал эми жеке турак үйдүн аянты 200 чарчы метрди түзөт.

Мамлекеттик ипотекалык компания өнөктөш банктар аркылуу жеткиликтүү турак жайды каржылоо механизмдерин өнүктүрүүнү улантууда. «Аялдар ипотекасы» продуктусу аялдарды колдоого жана алардын турак жай шарттарын жакшыртууга багытталган.

13/08/2026

Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын курулуш объектилеринде айдоочу болуп эмгектенген Талгат Каныбек уулу жумуш ордуна жакын жерде чыккан өрттү көрүп, кайдыгер караган эмес.

Ал өрттүн жайылып кетүүсүнө жол бербөө үчүн өз убагында аракет көрүп, ӨКМ кызматкерлери келгенге чейин өрттү көзөмөлдөп, кырдаалдын курчуп кетишинин алдын алууга салым кошту.

Мындай жоопкерчиликтүү мамиле жана ыкчам аракет — ар бирибиз үчүн үлгү.

Биздин компаниябызда Талгат Каныбек уулундай жоопкерчиликтүү жана кайраттуу кызматкерлер эмгектенип жатканына сыймыктанабыз!

Талгатка көрсөткөн жарандык жоопкерчилиги үчүн ыраазычылык билдиребиз!

10/08/2026

🏡 Квартира с первоначальным взносом всего 30% в регионах Кыргызстана!

Оплачиваете 30% сразу, ещё 20% — до окончания строительства.
Итого — 50% до заселения.

После начала проживания оставшиеся 50% оплачиваете в течение 15 лет под 8% годовых.

✨ Своя квартира — на удобных условиях!

📩 Узнайте подробности в Direct.

10/08/2026

🏡 Кыргызстандын аймактарында баштапкы төлөмү 30% менен батир!

Сиз 30% дароо төлөйсүз, дагы 20% — курулуш аяктаганга чейин.
Жалпы — 50% үйгө киргенге чейин.

Жашай баштагандан кийин калган 50% сумманы 15 жылга, жылдык 8% менен төлөйсүз.

✨ Өз үйүңүз — ыңгайлуу шарттарда!

📩 Толук маалыматты Direct аркылуу билиңиз.

Address

Чынгыз Айтматов проспекти 1/2
Bishkek
720002

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Государственная Ипотечная Компания posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to Государственная Ипотечная Компания:

Shortcuts

Share