09/08/2026
Мыкты Ишкер Айым программасынын алкагындагы буткемп ийгиликтүү аяктады. Эми жаңы этапка кадам таштайбыз 🚀
✨ «Мыкты Ишкер Айым» — сандарда
1000ден ашуун арыз, 217 катышуучу жана алдыда жаңы мүмкүнчүлүктөр! 💜
Эки жумалык буткемп ийгиликтүү аяктап, эми 50 ишкер айым 5 жумалык бизнес-инкубация программасына өтүштү.
👉 Каруселди жылдырып, катышуучулардын программа тууралуу чыныгы таасирлерин жана жандуу пикирлерин көрүңүз.
Ар бир этап — күчтүү бизнеске карай дагы бир кадам🌱
____
«Мыкты Ишкер Айым» программасы Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банкы ЖАК (KICB) тарабынан Mastercard менен биргеликте, айымдар ишкерлигин колдоо алкагында, Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) жана Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен ЕРӨБдүн Чакан бизнести колдоо фонду аркылуу (Италия, Ирландия, Япония, Люксембург, Норвегия, Түштүк Корея, Швеция, Швейцария, ТайванБизнес – ЕРӨБдүн техникалык кызматташтык фонду, Улуу Британия жана АКШ) ишке ашырылууда. Программанын мазмундук жана билим берүү бөлүгүн Accelerate Prosperity Кыргызстан ишке ашырат.