04/09/2026
🏆 «ЭкоИсламикБанктын» кызматкерлери Кыргызстан банктар союзунун сыйлыктарына ээ болушту
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата «Кыргызстан банктар союзу» ЮЖБ ЗАО «ЭкоИсламикБанктын» кызматкерлерин кесипкөйлүгү, ак ниет эмгеги жана өлкөнүн банк секторун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйлады.
Сыйлыктарды салтанаттуу тапшыруу 2026-жылдын 3-сентябрында банктын Башкы кеңсесинде өттү. Кызматкерлерге Ыраазычылык каттары жана Ардак грамота тапшырылды.
Бул сыйлыктар кызматкерлердин көп жылдык эмгегин жана кесиптик чеберчилигин тастыктайт.
Банк кесиптештерин куттуктап, мындан ары да кесиптик ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайт!
_____________________________________
🏆 Сотрудники ЭкоИсламикБанка удостоены наград Союза банков Кыргызстана
В честь Дня независимости Кыргызской Республики ОЮЛ «Союз банков Кыргызстана» отметил сотрудников ЗАО «ЭкоИсламикБанк» за профессионализм, добросовестный труд и вклад в развитие банковского сектора страны.
Торжественное вручение наград состоялось 3 сентября 2026 года в Головном офисе банка. Сотрудникам были вручены Благодарственные письма и Почётная грамота.
Эти награды стали признанием многолетнего труда и высокого профессионализма сотрудников.
Банк поздравляет коллег и желает дальнейших профессиональных успехов и новых достижений!
#ЭкоИсламикБанк #СоюзБанковКыргызстана #Награды