Агентство по защите депозитов Кыргызской Республики

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Bishkek
  • Агентство по защите депозитов Кыргызской Республики

Агентство по защите депозитов Кыргызской Республики Агентство по защите депозитов Кыргызской Республики

ЕАЭБдин органдарынын депозиттерди камсыздандыруу, мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана санариптештирүү маселелери боюнча оту...
21/08/2026

ЕАЭБдин органдарынын депозиттерди камсыздандыруу, мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана санариптештирүү маселелери боюнча отурумунун жыйынтыктары
2026-жылдын 12-14-августунда Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин аманаттарды камсыздандыруу (кепилдөө) уюмдарынын жетекчилери жана эксперттери катышкан эл аралык иш-чаралар жыйнагы өттү.

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Финансы рынокторунун консультативдик комитетинин алдындагы банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдөө), кредиттик уюмдарды жоюу, финансылык саламаттыкты чыңдоо жана банкроттук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү маселелери боюнча эксперттер тобунун иш графигине ылайык кезектеги дитти отуруму болуп өттү. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн депозиттерди камсыздандыруучуларынын өкүлдөрү депозиттерди (аманаттарды) камсыздандыруу уюмдарын салыкка тартуу маселелери боюнча, ошондой эле көйгөйлүү банктардын төлөөгө жөндөмсүздүгүн жөнгө салууда депозиттерди камсыздандыруучулардын ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча эксперттик корутундулардын долбоорлорун карашты.

Эл аралык жолугушуулардын алкагында ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдөө) уюмдарынын жетекчилер кеңешинин отуруму да өттү. Ведомстволордун жетекчилери улуттук депозиттерди камсыздандыруу системаларын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты жана биргелешкен практикалык семинарларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча пландарды бекитишти.

Катышуучулар өзгөчө көңүлдү ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин санариптешүүсүнө жана технологиялык өнүгүшүнө бурушту. ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин депозиттерди камсыздандыруучуларынын санарипташтыруу чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү боюнча жумушчу тобунун отурумунун жүрүшүндө негизги спикерлер пикирлерин билдиришти болду. «Аманаттарды камсыздандыруу агенттиги» Мамлекеттик корпорациясынын (РФ) жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинин өкүлдөрү депозиттерди (аманаттарды) камсыздандыруу системаларынын IT-секторундагы кадр жетишсиздиги темасында орток баяндамаларды жана чечимдерди сунушташты.

Мындан тышкары, отурумдун катышуучулары жасалма интеллект (ЖИ) технологияларын жана аналитиканы автоматташтырууну ЕАЭБ өлкөлөрүнүн депозиттерди камсыздандыруучуларынын күнүмдүк ишине жана бизнес-процесстерине киргизүүнүн практикалык келечегин талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги «Курулуш Банк» АКБнын жеке жактардан турган аманатчыларына аманатта...
20/08/2026

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги «Курулуш Банк» АКБнын жеке жактардан турган аманатчыларына аманаттар боюнча акча каражаттарынын төлөнүшү жөнүндө маалымдайт.
Арыздарды кабыл алуу жана каттоо Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Бишкек шаары, Москва көчөсү, 190, 1-кабат, эсеп бөлүмү (бухгалтерия).
Кошумча маалыматты төмөнкү телефондор аркылуу алсаңыздар болот: (0312) 45 45 70, (0312) 62-44-57, (0555) 37-15-76.
---------
Агентство по защите депозитов Кыргызской Республики информирует вкладчиков АКБ «Курулуш Банк» - физических лиц о выплате денежных средств по вкладам.
Прием и регистрация заявлений производится Агентством по защите депозитов Кыргызской Республики по адресу: г. Бишкек, ул. Московская, 190, 1 этаж, бухгалтерия.
Дополнительную информацию можно получить по телефонам:
(0312) 45 45 70, (0312) 62-44-57, (0555) 37-15-76.

****

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги «Манас Банк» ЖАКнын кредиторлоруна — юридикалык жана жеке жактарга (аманатчыларга) аманаттар боюнча акча каражаттарынын төлөнүшү жөнүндө маалымдайт.
Арыздарды кабыл алуу жана каттоо Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Бишкек шаары, Москва көчөсү, 190, 1-кабат, эсеп бөлүмү (бухгалтерия).
Кошумча маалыматты төмөнкү телефондор аркылуу алсаңыздар болот:
(0312) 45 45 70, (0312) 62-44-57, (0555) 37-15-76.
---------
Агентство по защите депозитов Кыргызской Республики информирует кредиторов ЗАО «Манас Банк» - юридических и физических лиц (вкладчиков) о выплате денежных средств по вкладам.
Прием и регистрация заявлений производится Агентством по защите депозитов Кыргызской Республики по адресу: г. Бишкек, ул. Московская, 190, 1 этаж, бухгалтерия.
Дополнительную информацию можно получить по телефонам:
(0312) 45 45 70, (0312) 62-44-57, (0555) 37-15-76.

****
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги «Ысык-Көл» Инвестбанк АКНын акционерлерине — юридикалык жана жеке жактарга акча каражаттарынын III траншынын төлөнүшү жөнүндө маалымдайт.
Арыздарды кабыл алуу жана каттоо Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Бишкек шаары, Москва көчөсү, 190, 1-кабат, эсеп бөлүмү (бухгалтерия).
Кошумча маалыматты төмөнкү телефондор аркылуу алсаңыздар болот:
(0312) 45 45 70, (0312) 62-44-57, (0555) 37-15-76.
---------
Агентство по защите депозитов Кыргызской Республики информирует акционеров ОАО Инвестбанк «Иссык-Куль» - юридических и физических лиц о выплате III транша денежных средств.
Прием и регистрация заявлений производится Агентством по защите депозитов Кыргызской Республики по адресу: г. Бишкек, ул. Московская, 190, 1 этаж, бухгалтерия.
Дополнительную информацию можно получить по телефонам:
(0312) 45 45 70, (0312) 62-44-57, (0555) 37-15-76.

В Кыргызстане стартовало заседание Экспертной группы ЕАЭС по вопросам гармонизации законодательства в сфере страхования ...
12/08/2026

В Кыргызстане стартовало заседание Экспертной группы ЕАЭС по вопросам гармонизации законодательства в сфере страхования банковских вкладов

31/07/2026

✔️Агентство по защите депозитов гарантирует безопасность ваших средств! 🛡️

Бүгүнкү күнгө карата Депозиттерди коргоо фондунун көлөмү 11,0 млрд сомдон ашты._________________________________________...
30/07/2026

Бүгүнкү күнгө карата Депозиттерди коргоо фондунун көлөмү 11,0 млрд сомдон ашты.
____________________________________________________________________

По состоянию на сегодняшний день объем Фонда защиты депозитов составляет более 11,0 млрд сомов

Акчасын банкка ишенип тапшырган ар бир адам депозитинин кайтарыларына ишенгиси келет. Бирок банктын лицензиясы кайтарылып алынса эмне болот? Каражатты ким

28/07/2026

Депозиттерди коргоо боюнча суроолорго Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директору Букуев Кадырбек Жумабекович жооп берет

16/07/2026

Кыргызстанда аманаттарды коргоо 💼
✅ Жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин аманаттары корголот.
🚫 Банк менен байланышкан адамдардын, чет өлкөлүк консультанттардын, ишеним кат аркылуу жайгаштырылган, камакка алынган же чет өлкөлүк филиалдардагы аманаттар корголбойт.
💵 Кепилдиктин өлчөмү — 1 000 000 сомго чейин.

#Кыргызстан #аманаттар #депозиттер #каржы #банктар #коргоо #акча #экономика #каржылыкСабаттуулук #аманатчылар

🤝 Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги менен «АБанк» ААКнын ортосунда кепилдик учур келип чыкканда амана...
06/07/2026

🤝 Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги менен «АБанк» ААКнын ортосунда кепилдик учур келип чыкканда аманатчыларга компенсация төлөө тартиби жөнүндө келишим түзүлдү.

Алдын ала тандоонун жыйынтыгы боюнча «АБанк» ААК Агенттиктин агент-банктарынын тизмесине кирди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда аманатчыларга компенсация төлөп берүүнү камсыз кылат.

Документке Агенттиктин Аткаруу директору Кадырбек Букуев жана «АБанк» ААКнын Башкарма Төрагасынын орун басары Айгуль Телеушева кол коюшту.

📌 Келишимге кол коюу — депозиттерди коргоо тутумунун даярдыгын жогорулатууга, аманатчыларга өз убагында төлөмдөрдү камсыз кылууга жана Кыргыз Республикасынын банк тутумуна карата жарандардын ишенимин чыңдоого багытталган дагы бир маанилүү кадам болуп саналат.

***

🤝 Агентство по защите депозитов Кыргызской Республики и ОАО «АБанк» подписали договор о порядке выплаты компенсаций вкладчикам при наступлении гарантийного случая.

По итогам предварительного отбора ОАО «АБанк» вошел в перечень банков-агентов Агентства и будет обеспечивать выплату компенсаций вкладчикам в случаях, предусмотренных законодательством Кыргызской Республики.

Документ подписали Исполнительный директор Агентства Кадырбек Букуев и Заместитель Председателя Правления ОАО «АБанк» Айгуль Телеушева.

📌 Подписание договора — еще один важный шаг к повышению готовности системы защиты депозитов, обеспечению своевременных выплат вкладчикам и укреплению доверия граждан к банковской системе Кыргызской Республики.

#КРДКА #АЗДКР #ДепозиттердиКоргоо #Кыргызстан #защитадепозитов

📊 Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги 2026-жылдагы финансылык отчеттуулуктун аудитин жүргүзүү үч...
06/07/2026

📊 Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги 2026-жылдагы финансылык отчеттуулуктун аудитин жүргүзүү үчүн көз карандысыз аудитордук компанияны тандоо жол-жобосун аяктады.

Ачык тандоонун жыйынтыгы боюнча тышкы аудитти эл аралык «ЭйчЭлБи Марка Аудит» ЖЧКсы жүргүзөт.

Бүгүн компаниянын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өтүп, анда аудит жүргүзүүнүн планы, кызматташуу шарттары жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн этаптары талкууланды.

🔹 Көз карандысыз тышкы аудит – финансылык отчеттуулуктун ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасына болгон ишенимди бекемдөөнүн маанилүү бөлүгү.

***

📊 Агентство по защите депозитов Кыргызской Республики завершило процедуру отбора независимой аудиторской компании для проведения аудита финансовой отчетности за 2026 год.

По итогам открытого отбора внешний аудит проведет международная аудиторская компания ОсОО «ЭйчЭлБи Марка Аудит».

Сегодня состоялась рабочая встреча с представителями компании, на которой были обсуждены план проведения аудита, условия сотрудничества и дальнейшие этапы взаимодействия.

🔹 Независимый внешний аудит — важный элемент обеспечения прозрачности, достоверности финансовой отчетности и укрепления доверия к системе защиты депозитов Кыргызской Республики.

#АЗДКР #Депозиты #ФинансоваяСтабильность #КРДКА #Депозиттер #ФинансылыкТуруктуулук #Кыргызстан

Address

Улица Московская, 190
Bishkek
720010

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Telephone

+996312456456

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Агентство по защите депозитов Кыргызской Республики posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to Агентство по защите депозитов Кыргызской Республики:

Shortcuts

Share

Category