27/08/2026
24-августта ADB Kyrgyz Republic өлкө боюнча директору Чжэн Ву жана Операциялар бөлүмүнүн башчысы Линда Артур Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Элчиси Висенте Солера Дьюкарды кеңсебизде тосуп алышты.
🌱 Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн өнүгүү багытындагы негизги артыкчылыктарын колдоо боюнча пикир алмашуу болду, анын ичинде:
🔹 Жашыл энергетика;
🔹 Санариптештирүү жана жасалма интеллект;
🔹 Климаттын өзгөрүшүнө каршы аракеттер бар.
💼 Андан тышкары, каржы тармагындагы реформалар, жасалма интеллектти колдонуу жана жеке секторду өнүктүрүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Тараптар Улуу Британиянын Экспорттук каржылоо (UK Export Finance) агенттиги тарабынан колдоого алынган долбоорлор менен Кыргыз Республикасындагы мүмкүн болгон биргелешкен иш-аракеттерди жана синергияны белгилешти.