30/04/2026
📌 2026-жылдын 23–24-апрелинде Индиянын Мумбай шаарында Кредиттик кепилдиктер боюнча глобалдык симпозиум жана Азиялык кошумча кредиттөө институттарынын конфедерациясынын (Asian Credit Supplementation Institution Confederation — ACSIC) 38-жылдык конференциясы болуп өттү.
✅ Иш-чаралардын уюштуруучусу болуп Микро жана чакан ишканалар үчүн Кредиттик кепилдиктердин трасттык фонду (The Credit Guarantee Fund Trust for Micro and Small Enterprises — CGTMSE) чыгып, аларды өзүнүн 25 жылдык мааракесине карата өткөрдү.
«Кепилдик фонд» ААКсын Башкармасынын төрагасынын орун басары Рейна Курманкожоева жана улук адиси Бегайым Абдрахманова өкүлчүлүк кылды.
Симпозиумга 19дан ашуун өлкөдөн жана 26 алдыңкы уюмдан делегаттар катышып, негизги максат — экономикалык чакырыктар шартында микро, чакан жана орто ишканалардын (МЧОИ) каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү болду. Катышуучулардын кеңири курамы кредиттик кепилдик системаларын өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө эл аралык кызматташтык менен мыкты тажрыйбаларды алмашуунун маанилүүлүгүн көрсөттү.
✅ Башкы делегаттардын жыйынында «Кепилдик фонд» ААКсын ACSIC уюмуна мүчөлүккө кабыл алуу тууралуу чечим бир добуштан кабыл алынды.
Жыйындын жүрүшүндө индиялык делегаттар ACSIC катышуучулары үчүн бирдиктүү өз ара аракеттенүү платформасын түзүү демилгесин көтөрүштү. «Кепилдик фонд» ААКсы тарабынан бул платформаны аналитикалык жана статистикалык материалдар менен толуктоо сунушталды.
Уюштуруучулардын белгилөөсүнө ылайык, симпозиум эл аралык деңгээлде диалог жүргүзүү, тажрыйба алмашуу жана кызматташууну бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болду. Анын алкагында эл аралык кызматташтык, тобокелдиктерди башкаруу жана туруктуу өнүгүү, жашыл каржылоо жана ESG, ошондой эле аялдардын ишкердигин колдоо маселелерине арналган панелдик талкуулар жана эксперттик сессиялар өттү.
2027-жылы ACSICтин 39-жылдык конференциясы Малайзияда өтөт. Иш-чарага даярдык көрүү үчүн уюштуруу маселелерин чечүүгө багытталган эки жумушчу топ түзүлөт.
🔹 Эскерте кетсек, 2024-жылдын сентябрында «Кепилдик фонд» ААКсы ACSICтин 36-эл аралык конференциясына алгачкы жолу катышып, расмий байкоочу макамын алган.
ℹ️ Маалымат үчүн:
ACSIC (Азиялык кошумча кредиттөө институттарынын конфедерациясы) — бул кредиттик кепилдиктерди жана кошумча кредиттөө инструменттерин сунуштаган уюмдардын эл аралык бирикмеси болуп саналат. Ал негизинен микро, чакан жана орто ишканаларды колдоого багытталган. ACSIC 20дан ашуун өлкөнүн уюмдарын бириктирет.
____________
📌 23–24 апреля 2026 года в Мумбаи, Индия, состоялись Глобальный симпозиум по кредитным гарантиям и 38-я ежегодная конференция Азиатской конфедерации институтов дополнительного кредитования (Asian Credit Supplementation Institution Confederation - ACSIC).
✅ Организатором мероприятий выступил Трастовый фонд кредитных гарантий для микро- и малых предприятий (The Credit Guarantee Fund Trust for Micro and Small Enterprises - CGTMSE), приурочив их проведение к своему 25-летнему юбилею.
Гарантийный фонд представили заместитель Председателя Правления ОАО «Гарантийный фонд» Рейна Курманкожоева и старший специалист Бегайым Абдрахманова.
Симпозиум собрал делегатов из более чем 19 стран и 26 ведущих организаций, объединив их вокруг ключевой задачи — расширения доступа ММСП к финансированию в условиях экономических вызовов. Широкий состав участников подчеркнул значимость глобального сотрудничества и обмена лучшими практиками для развития и укрепления систем кредитных гарантий.
✅ В ходе заседания главных делегатов единогласно было принято решении о вступлении ОАО «Гарантийный фонд» в членство ACSIC.
В рамках заседания была озвучена инициатива индийских делегатов по созданию единой платформы взаимодействия участников ACSIC. Со стороны ОАО «Гарантийный фонд» было предложено наполнить платформу аналитическими и статистическими материалами.
Как отмечают организаторы, симпозиум стал международной площадкой для диалога, обмена опытом и укрепления сотрудничества. В его рамках прошли панельные дискуссии и экспертные сессии, посвящённые международному взаимодействию, управлению рисками и устойчивому развитию, зеленому финансированию и ESG и поддержке женского предпринимательства.
В 2027 году 39-я ежегодная конференция ACSIC пройдет в Малайзии. Для подготовки к мероприятию планируется сформировать две рабочие группы, которые займутся решением организационных вопросов.
🔹 Напомним, в сентября 2024 Гарантийный фонд впервые принял участие в 36-й международной конференции ACSIC и получил статус официального члена-обозревателя.
ℹ️Справочно:
ACSIC (Азиатская конфедерация институтов дополнительного кредитования) — это международное объединение организаций, предоставляющих кредитные гарантии и инструменты дополнительного кредитования для поддержки бизнеса, прежде всего микро-, малых и средних предприятий (ММСП). ACSIC объединяет организации из более чем 20 стран.